Токтогулда кафе ээлерине 6 000 сом айып пул салынды (сүрөт)
Токтогул районунда санитардык нормаларды сактабаган тойкана ээсине айып пул салынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги тарабынан алдын алуу иш-чаралары уюштурулуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавирустун жайылышынын алдын алуу, санитардык нормалардын сакталышын көзөмөлдөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
Тиешелүү кызмат өкүлдөрүнөн куралган топ район аймагындагы базарларды, кафе-ресторандарды, эт сатуучу жана тамактануучу жайларды текшерүүгө алышты.
Санитардык нормаларды сактабай ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан эки тойканага КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренеси (ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу) менен протокол түзүлүп, 3 000 сомдон жалпы 6 000 сом айып пул салынды.
Бирок алдыда дагы мааракелерди өткөрүүгө буюртмаларды кабыл алган ресторандардын буюртмалары токтотулуп, 26- сентябрда чыгарылган штабдын чечими тааныштырылды.
Штабтын чечими аткарылбаган учурда мыйзам чегинде чара көрүлөрү эскертилди. Токтогул РИИБдин жетекчилиги тарабынан бул сыяктуу алдын алуу иштери алдыда дагы улантыла тургандыгы белгиленди.
Ссылка: https://barometr.kg/toktogulda-kafe-eelerine-6000-som-ajyp-salyndy-srt
Добавить комментарий ×