Токтогулда баңгизаты менен алектенген жаран кармалды (сүрөт)

2 ноября 2020 16:04 507 Barometr
Поделиться в:
ok

Токтогулда 295 грамм гашиш баңгизатын сатып жатканда учуруда 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

 ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды ташуу менен алектенген жарандарды аныктоо жана алардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча атайын операция ийгиликтүү аяктады.

Жүргүзүлгөн атайын ыкчам тергөө иш-чаралардын натыйжасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан 295 грамм каннабистик топтогу баңгизатты болжол менен 50 000 сомго сатып жаткан учурда, баңгизаттарды сатуу каналын жөндөп алган 1988-жылы туулган  А.Т.  аттуу  жаран кармалган.

Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусунун негизинде алынган каражат “гашиш” баңгизаты деп аныкталды.

КРнын Жазык кодексинин 268, 275-беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, 295 грамм гашиш болжол менен 1180 дозаны түзүп, кармалган баңгизаттардын партиясы көмүскө базарына кирип кетсе, республика аймагындагы миңдеген жаштар баңгизаттарга көз каранды болуп калмак.  



Ссылка: https://barometr.kg/toktogulda-bagizaty-menen-alektengen-zharan-karmaldy-srt



Добавить комментарий