Токтогулда баңгизат сатуу менен алектенген жаран кармалды

19 февраля 2021 17:29 1458 Barometr
Поделиться в:
ok

Токтогулда баңгизатты сатуу менен алектенип жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин БМЖКККнын басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын мобилдик ыкчам бөлүмдөрдүн башкаркармалыгынын кызматкерлери тарабынан Токтогул районунун аймагында 30-35 жаштагы азият түспөлүндөгү жаран өсүүчү баңгизаттарды жасап, сактап жана сатуу менен алектенип жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн.
Мыйзамсыз аракеттерди аныктоо максатында тергөө-ыкчам иш-чаралары  жүргүзүлгөн. 

"Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкек-Ош жолунда 1986-жылы туулган А.Р. аттуу жарандын башкаруусундагы «Ford Focus» үлгүсүндөгү автоуна токтотулган. Ага кароо жүргүзүү учурунда салонунун ичинен 40 даана таңгакталган  кара  жашыл түстөгү өзгөчө кендир жытына ээ болгон зат табылып алынган.    
Андан кийинки тергөө амалдарынын жүрүшүндө ИИМдин БМЖКККнын МЫББнын кызматкерлери тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын кызматтык издөө итин колдонуу менен  шектүүнүн жашаган үйүнө кечиктирилбес тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында төмөндөгүдөй 105 даана таңгакталган зат табылып алынган.  
Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык табылып алынган зат  жалпы салмагы 1 килограмм  182 граммды түзгөн «гашиш» баңгизаты деп аныкталган.  
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, унаа айып төлөнүүчү жайга токтотулду. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча атайын ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда", - деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/toktogulda-bagizat-satuu-menen-alektengen-zharan-karmaldy



Добавить комментарий