Токтогулда 22 жаштагы келиндин өлүмүнө жакындары даргерлерди күнөөлөп жатат
Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айылынын тургуну Нуркалый уулу Жылдызбек жубайы 22 жаштагы Айзада төрөт учурунда дарыгерлердин шалаакылыгынан каза болгонун айтып, акыйкат издеп “Барометрге” кайрылды.
Анын айтымында, жубайлар Токтогулдагы райондук төрөт үйүнө 1-октябрда кайрылышкан.
“Жубайым Айзада толгоосу кармап келгенде дарыгерлер “дем алуусу начар экен” деп коронавируска тест тапшыртуу керектигин айтышты. Биз дароо ПЦР-тест тапшырдык. Бирок келинчегимдин дем алуусу начарлап, кыйналып баштады. Ушул аралыкта дарыгерлер ыкчам чара көрбөстөн, жай баракат жүрө беришти. Бизге бул учурда баланын жүрөгү жакшынакай согуп жатканын УЗИден айтышып, “түндө же таңга маал көз жарасың” деди. Биз келгенибизге бир саат өткөндөн кийин анан кабыл алышып, палатага жаткырышты. Бул учурда келинчегим бир топ кыйналып калган. Качан гана акыбалы абдан оор болуп калганда дем алдыруучу аппаратка туташтырышты. Анан бир жарым саат өткөндөн кийин, кесерво жолу менен төрөтөбүз деди. Мен ага да макул болдум. Себеби мага баламдын жана жубайымдын аман-соо турганы маанилүү эле. Операцияга кирип кеткенден кийин мен баламдын ыңаалаган үнүн угуп сүйүнүп туруп калдым. Бирок эч ким мага сүйүнчү айтып, сүйүнчүлөп чыккан жок. Анан жүрөгүм башкача болуп, кайрадан операция бөлүмүнө бардым. Ошол учурда келинчегимден жана баламдан айрылып калган экенмин. Врачтар келинчегим менен алек болуп жатып, баламды да карабай өлтүрүп коюшту. Дарыгерлерден келинчегимдин жана баламдын сөөгүн морго бербей алып чыгып кетиш үчүн аргасыз доом жок деген тил кат жазып бердим. Дарыгерлер келинчегимдин жана баламдын өлүмүнүн себебин коронавирус деп жатышат. Анда эмнеге келинчегимдин сөөгүн коронавирустун эрежелерин сактап, атайын баштыкка ороп беришкен жок? Алар кадимкидей эле, каза болгон келинчегим менен баламды биздин колубузга берип коюшту. Эгер келинчегим коронавирус болсо анда биздин жана башка жакындарымдын ден-соолугу эмне болот? Дагы айта кетчү нерсе келинчегимдин буга чейин саламаттыгы жакшы болчу. Коронавирустун эч кандай белгилери байкалган эмес. Эмнеге келинчегим илдеттен каза болсо бизден анализ алып, обочолонгула дебейт? Биз баарыбыз бир үйдө, анын колун тамак ичип жүргөнбүз. Анда бизге да жукту да. Мени Айзаданын коронавирустан каза болгонуна ишендирбей турган бир далил, ошол учурда жана кийин дагы врачтар өздөрү маска тагынбай , аралыкты сактабай биз менен аралашып эле жүрүштү. Алар билет да бул илдеттин коркунучтуу экендигин ”, -деди каза болгон келиндин жолдошу.
Бул тууралуу Токтогул райондук төрөт үйүнө байланышуу мүмкүн болгон жок. Жакынкы күндөрү экинчи тараптын да оюун угуп, сиздерге маалымдайбыз.
Добавить комментарий ×