Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард кубометрден ылдыйлап кетти

2 ноября 2021 13:35 1622 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 2-ноябрда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 миллиард 920,5 кубометрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ачык акционердик коомунан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Бир айда бул көрсөткүч 385,72 миллион кубометрге азайды. Өткөн жылы ушул күнү Токтогул суу сактагычында 14,7 миллиард кубометр суу болгон.

Быйыл Кыргызстанда суу аз болгон мезгилден улам энергетикалык кризис келип чыкты. Энергетиктер жылытуу сезонунан кийин суу сактагычтан 6-7 миллиард кубометр суу калышы мүмкүн экенин билдиришүүдө. Бул Токтогул ГЭСинин токтоп калышына алып келет. Мындай жагдайды болтурбаш үчүн өлкө электр энергиясын үнөмдөп жана кошуналардан сатып алууда.

Ссылка: https://barometr.kg/toktogul-suu-saktagychynda-suunun-klm-12-milliard-kubometrden-yldyjlap-ketti



Добавить комментарий