Токтогул суу сактагычынын жээгинен эркек кишинин жансыз денеси табылды
Поделиться в:
Токтогулда суу жээктен эркек кишинин жансыз денесин табышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Токтогул районунда 23-августта Жаңы-Жол айыл аймагынын Кара-Суу айылында Токтогул суу сактагычынын жээгинде 1959-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. 24-августта издөө иштерине КР ӨКМнин №97 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары, ИИМден 5 кызматкер тартылып, маркумдун жансыз денесин табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/toktogul-suu-saktagychtyn-zheeginen-erkek-kishinin-zhansyz-denesin-tabyshty
Добавить комментарий ×