Токон Мамытов акыйкатчы болуп шайланды

26 сентября 2018 21:00 1002 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаттары Акыйкатчы кызматына Токон Мамытовду шайлашты. Добуш берүүнүн жыйынтыгында КСДП фракциясы сунуштаган Токон Мамытов 79 добуш менен шайланды. Ал эми «Бир Бол» фракциясы  сунуш кылган Рита Карасартова 9       добуш, «Ата Мекен» фракциясы сунуштаган Канат Азиз 19 добуш алышты.

Белиглей кетсек, акыйкатчы кызматына КСДП фракциясы Токон Мамытовдун талапкерлигин, «Бир Бол» фракциясы 3 талапкерди – Маматурайим Момуновду, Рита Карасартованы, Рыскул Бактыбаевди, «Ата Мекен» фракциясы Канат Азиздин талапкерлигин сунуштаган.

Ссылка: https://barometr.kg/tokon-mamytov-akyjkatchy-bolup-shajlandy



Добавить комментарий