Токмоктогу зордукталган 16 жаштагы кыздын иши ИИМдин башчысынын жеке көзөмөлүндө
Поделиться в:
Токмок шаарындагы 16 жаштагы кызды зордуктоо шектүү кыздын ата-энесин коркутуп, кыздын артынан аңдып жүрөт делип соцтармакта таркап жаткан маалыматты ИИМдин жетекчилиги жеке көзөмөлгө алды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, бул ишти ар тараптуу тергөө үчүн ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылды.
"Андан сырткары ИИМдин ички иликтөө кызматына Чүй ОИИББинин жетекчилиги менен кызматкерлеринин аракеттерин текшерүү тапшырмасы берилди", - деп жазылган маалыматта.
Эскерте кетсек, ушул жылдын май айында 53 жаштагы жаран жашы жете элек кызын белгисиз жаран зордуктап, денесине залал келтиргени боюнча милицияга арыз менен кайрылган.
Добавить комментарий ×