Токмоктогу 216 орундуу жаңы оорукананы куруу иштери сентябрдын аягында бүтөт

22 сентября 2020 11:25 1782 Barometr
Поделиться в:
ok

Токмок шаарындагы оорукананын капиталдык оңдоп түзөө иштеринин даярдыгы 92%  аяктап калды. Бул тууралуу Республикалык штаба шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Объекттин капиталдык оңдоп түзөөсү 2020-жылдын июль айында башталган, ал эми долбоордук кубаттуулугу 216 орунга эсептелген. Сметалык наркы 63млн 682 миң 9 сомду түзүп, баардыгы болуп 45 млн 700 миң сом каржыланды. Подряддык уюм тарабынан жүргүзүлүп, имараттын жана откананы эски чатыры менен электртутумдары алмаштырып, ички жана сырткы жасалгалоо иштери жүргүзүлгөн. Жаңы эшик, терезелер менен ички тосмолор орнотулуп, желдөө, жылытуу системалары жана өрт өчүрүүчү сигнализациясы жаңыртылган”, -деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары ички жана сырткы суу түтүктөрү менен канализациясы жасалып, саркынды сууларды чогултуучу жай жана сантехникалык жабдуулар орнотулган.

Объекттин курулушу 92% га бүткөрүлдү, оорукананын  оңдоо иштерин сентябрдын аягына чейин бүткөрүүгѳ пландаштырылып жатканы маалым болду.

Ссылка: https://barometr.kg/tokmoktogu-216-orunduu-zhay-oorukanany-kuruu-ishteri-sentyabrdyn-ayagynda-btt



Добавить комментарий