Токмокто сырты бекилип турган үйдүн ичинен эркек адамдын жансыз денеси табылды
Поделиться в:
Токмокто сырты бекилип турган үйдүн ичинен эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Маалыматта айтылгандай, 2018-жылдын 19-ноябрь күнү саат 14:55 чамасында өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Жантаев көчөсүндөгү №27 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинде 1960-жылы туулган Г.В. аттуу эркек адамдын жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/tokmokto-syrty-bekilip-turgan-jdn-ichinen-erkek-adamdyn-zhansyz-denesi-tabyldy
Добавить комментарий ×