Токмокто мыйзамсыз күйүүчү май саткандарга тургундар өкмөттүн чара көрүүсүн суранууда

7 марта 2019 16:04 1451 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Чүй облусунун Токмок шаарынын тургуну мыйзамсыз күйүүчү май сатып жаткан тургунга чара көрүүну суранып Barometr.kg сайтына маалымат берди.

Атын атагысы келбеген токмоктук тургун "шаардын негизги көчөлөрүнүн биринде мыйзамсыз түрдө күйүүчү май сатылат",- деп билдирди.

Күбө өз сөзүндө:

“Токмоктун жанында жайгашкан Чүй айылынын мурдагы Советский азыркы Сансызбаев көчөсүндө күйүүчү май (бензин) саткан жер бар. Албетте бул бизнестин жакшы жолу болушу мүмкүн, бирок бул сатуучунун башка жашоочулардын коопсуздугун актай албайт. Кудай сактасын, бир кырсык болсо жакын жайгашкан үйлөр анда жашаган адамдарга оор зыян келиши мүмкүн. Ушул боюнча тиешелүү органдардан жардам сурайт элек. Кырсыктын алдын алган жакшы да. Күйүүчү майлар деген турак жайлардан белгилүү бир аралыкта алыс жайгашуусу абзел.”, -деген пикирин айтып, кырсык болду дегенден көрө болтурбоого аракет кылган жакшы деген пикирин кошумчалады.

Бул маселе тууралуу тактоо үчүн Нефтетрейлер ассоциациянын директору Канат Эшматовго Barometr.kg сайтынан байланышканыбызда:

“Негизи күйүүчү май сатууну каалаган адам болсо каалаган, ал эң алгач жер сатып алат, тиешелүү экспертизаларды тапшырат бир канча этаптан өткөндөн кийин гана уруксат берилет. Ал эми сиздер айткан тургундун мисалында сөзсүз чара көрүлү керек”, -деп маалымат берди.

Ссылка: https://barometr.kg/tokmokto-myjzamsyz-kjch-maj-satkandarga-turgundar-kmttn-chara-krsn-suranuuda



Добавить комментарий