Токмокто күрмөсүн күрөөгө коюп, дары алгысы келген жигит 5 жылга кесилип, 70 миң сом төлөмөй болду

14 мая 2019 17:24 10133 7 Barometr
Поделиться в:
ok

Токмок шаардык соту Заирбекке (аты өзгөртүлдү, К.З.К.) байланыштуу кылмыш иши боюнча өкүм чыгарды.

Соттук материалдарга таянсак, Заирбек 2019-жылдын 12-мартында ооруп калган балдарына дары алуу үчүн акча издеп жүрүп, тааныштарына жолугуп калган дагы, пиво ичкен. Кеч кирип калганда дарыканага кирип, акчасы жок экендигин айтып, дары сураган. Дарыканачы дары бербей койгондуктан, көчөгө чыгып, кайра келет. Дарыканада кардарлар дагы, дарыканачы дагы көрүнбөгөндүктөн, кассага барып, акча алып жатканда, дарыканачы чуркап келген. Аны түртүп жиберип, үйү тарапка качып кетет.

Айыпкердин айтуусунда, 15 миң сомдун тегерегиндеги акчаны алган жана чуркап бара жатып, балким катуу толкунданганданбы, жолдо акчасын жоготуп алган. Андан соң кылмыш кылганын түшүнүп, милицияга өзү барган жана өкүнүү менен жабырлануучудан кечирим сурап,  кийин уурдалган акчанын ордун төлөп берген.

Жабырлануучунун айтуусунда, окуя чындыгында ушундай болгон. Заирбек баласынын ооруп жаткандыгын айтып, күрмөсүн күрөөгө алып калууну суранган. Дарыканачы макул болбостон, бир ампула новокаин берип, кандай колдонуу керектигин түшүндүрүп берген. Бир канча убакыттан кийин Заирбек келип, кассадан акча алып жаткандыгын көрүп калган дарыканачыны түртүп жиберип качып кеткендигин айтат. Дарыканачы кассада 25 000 сом болгондугун белгилейт.

Сот Заирбекти күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратуу менен 70 миң сом айып пул төлөө чечимин чыгарды.

Ссылка: https://barometr.kg/tokmokto-krmsn-krg-koyup-dary-algysy-kelgen-zhigit-5-zhylga-kesilip-70-mi-som-tlmj-boldu



Добавить комментарий

  • Депутаты варует милионами и доют 3 годо .бедный бедалагу 5лет вос наша судебная сицтема
  • Эмнеге 5 жыл оо акмактар
  • Соттор айнып калышкан бечараларды баса эле калышат
  • Нурзада 5 лет назад
    Айып пулду коп салып коюптур ,ал байкуштун акчсы болсо дарыны сатып алмак да,соттордун кучу байкуштарга жетет да, мамлекетти жегендерге алы жетпейт,алар менен кошо жешет
  • Мындан чон мал уурдаса же башка кылса бошотуп жиберишет. Бул байкушту 5жыл бул келгиче балдары эмне болот. Бети жок чиновниктер уялышпайт!!!
  • Шакал соттордун алы бечара элге жеттиго жанагы креслодо отурган чимкиригин куюлткан чиновниктерге алы жетпей
  • Ушинтип чечим чыгарган сотко каргыш тийсин, наалат силерге. Озунордун башынарга эки эсе коп кайтып келсин...