Токмокто катуу шамалдан улам бактар үйдүн чатырына кулады

18 января 2019 15:35 967 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Токмок шаарында бүгүнкү катуу шамалдан улам турак үйлөрдүн чатырларын учуруп, үйдүн үстүнө бактар кулады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Маалыматта "2019-жылдын  18-январь күнү  саат 12:40 чамасында ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жеткен катуу шамал катталган. Шамалдын кесепетинен Шамшы көчөсүндө жайгашкан №36 көп кабаттуу турак үйдүн 450м2 темир чатырын шамал учуруп, 2 турак үйдүн чатырына бак кулаган. Жерине тактоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган"-деп жазылган.  

Мындан сырткары КР ӨКМнин  Токмок шаардык өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу барган. 

Алдын ала берилген маалымат боюнча жабыркагандар жана каза болгондор жок. 

Ссылка: https://barometr.kg/tokmokto-katuu-shamaldan-ulam-baktar-jdn-chatyryna-kulady



Добавить комментарий