Токмокто үй өрттөнүп, 3 жана 5 жаштагы балдар каза болду
Поделиться в:
Токмок шаарындагы үй өрттөнүп, 2 бала каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта ӨКМнин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, өрт Токмок шаарындагы Ибраимов көчөсүндөгү үйдөн чыккан. Анын кесепетинен 95 чарчы метр турак жайдын 2 бөлмөсү, үй тиричилик буюмдары күйүп, 5 жаштагы Р. уулу Х. менен 3 жаштагы Р. уулу Н. каза болгон. Өрттүн чыгышына балдардын от менен байланышкан шоктугу себеп болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/tokmokto-j-rttnp-3-zhana-5-zhashtagy-baldar-kaza-boldu
Добавить комментарий ×