Токмокто үй-бүлөлүк чыр-чатак учурунда үч адам бычактан жаракат алган
Үй-бүлөлүк чыр-чатактын айынан үч адам ооруканага түшкөн. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББнын сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 12-октябрда саат 00:36 чамасында Токмок шаарынын аймактык ооруканасына бычактан алган жаракаттарынан улам үч жаран түшкөнү тууралуу Токмок шаарынын ИИБнө маалымат келип түшкөн. Аталган факт Токмок шаарынын ИИБү тарабынан КРнын Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден-соолукка оор залал келтирүү” боюнча кылмыш катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Алдын ала маалыматтар боюнча, үй-бүлөлүк чыр-чатак учурунда 46-жаштагы И.М. аттуу аял анын күйөө баласы 36-жаштагы Н.А. жана 27 жаштагы К.М. аттуу аял киши да жаракт алган. Учурда окуянын тууралуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми чыр-чатакка катышкан үч жаран ооруканада милиция кызматкерлеринин кайтаруусунда жатышат. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/tokmokto-j-bllk-chyr-chatak-uchurunda-ch-adam-bychaktan-zharakat-algan
Добавить комментарий ×