Токмокто эшиги жабылып калган батирдин ичинен 62 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды

8 января 2019 10:58 1302 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Токмоктогу батирлердин биринин ичинен 62 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Анда айтылгандай, кечээ 7-январь күнү саат 19:48де  КР ӨКМнин №21 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Токмок шаарынын 3-кичи районунун №76 үйүнүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинен 1957-жылы туулган И.Н.А  аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган. 

Куткаруучулар маркумдун  денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Иликтөө иштери жүрүүдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/tokmokto-eshigi-zhabylyp-kalgan-batirdin-ichinen-62-zhashtagy-adamdyn-zhansyz-denesi-tabyldy



Добавить комментарий