Токмокто эки мас жигит улгайган эркекти сабап жатып өлтүрүшкөн
Токмокто эки жигит ден соолукка оор залал келтирүү боюнча шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.
29-апрелде болжол менен саат 7:00дө Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканага 40-45 жаштар чамасындагы эркек киши зомбулук менен өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факты боюнча ыкчам-иликтөө тобу барган. Бул окуя “саламаттыкка оор зыян келтирүү” 138-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Каза тапкан адам 61 жаштагы Г. Ф. болуп чыкты. Бул ишке шектүү делип Токмок шаарында жашаган 28 жаштагы С. Ф. жана 26- жаштагы З. У.кармалды. Алдын ала маалыматтарга таянсак, чатак мас болгон учурда чыккан.
Ссылка: https://barometr.kg/tokmokto-eki-mas-zhigit-ulgajgan-erkekti-sabap-zhatyp-ltrshkn
Добавить комментарий ×