Токмокто эки киши 80 жаштагы пенсионердин акчасын тартып алды

14 мая 2019 10:27 974 Barometr
Поделиться в:
ok

Токмокто жергиликтүү тургунга каракчылык кылып кол салганга шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй областынын ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты. 

10-майда Токмок шаарынын ички иштер органдарына 80 жаштагы жергиликтүү тургун М.Х. арыз менен кайрылган. Ал арызда белгисиз адамдар 10-майда түн ичинде анын үйүнө кирип, өлтүрөбүз деп коркутуп 12 миң сомун алып кетишкенин айтып арыз берген.

Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 28 жаштагы жана 30 жаштагы эки жаран кармалды. Алар буга чейин да соттолуп чыккандар экени аныкталды.

Кармалгандар камакка алынды.

Ссылка: https://barometr.kg/tokmokto-eki-kishi-80-zhashtagy-pensionerdin-akchasyn-tartyp-aldy



Добавить комментарий