Токмокто жергиликтүү кеңештин депутатын бычактап өлтүрүштү

18 марта 2019 09:32 1594 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 17-мартта саат 3:05те Токмок ички иштер бөлүмүнө эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Окуя болгон жерге барган ыкчам топ 20-25тер чамасындагы эркек кишинин бычактан жаракат алган сөөгүн табышты.

Сотко чейин иликтөөнүн жүрүшүндө каза тапкан жигит 29 жаштагы,  С. Т. болуп чыкты. Ал  партиялардын бирине жергиликтүү кеңештин депутаты болгон.

Ушул эле күнү аймактык ооруканага Ш. Т. аттуу 30 жаштагы жаран бычактан жаракат алып жаткырылган.

Милиция кызматкерлери эки окуяга шектүү катары Токмоктун жашоочусу 24 жаштагы С. Д.ны кармашты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Токмок шаарынын көчөсүндө жаштардын ортосунда чатак чыгып, бир жигит бычактан каза таап, экинчиси ооруканага жеткирилген.

 

Ссылка: https://barometr.kg/tokmokto-bolgon-chatakta-sayasij-partiyanyn-mchsn-bychaktap-ltrsht



Добавить комментарий