Токмокто аскер кызматкери аялы менен чатакташкандан кийин муунуп каза тапты

12 ноября 2021 13:47 2975 Barometr
Поделиться в:
ok

Токмокто коргоо министрлигинин аскер кызматкери муунуп каза тапты. Бул тууралуу басма сөз жыйынында Коргоо министри Бактыбек Бекболотов маалымдаганын “Барометр” кабарлайт.

Аскер кызматкери аялы менен чатакташкандан кийин үйүндөгү батареяга асынып алган.

“Тилекке каршы, мындай учурлар болбой койбойт экен.Ошол эле маалда аскер кызматкерлери армияга коомдон келерин белгилеп өтмөкчүмүн. Айрым ата-энелер балдарын башкара албай калып “Армияга бар, ошол жактан сени тарбиялашат” деген учурлар да бар. Биз суициддерди алдын алыш үчүн иш-чаралар комплекстерин өткөрөбүз. Аскерлердин арасында бул боюнча психологдор жана тарбиячы офицерлер иш алып барышат",-деп айтты Бактыбек Бекболотов.

Ссылка: https://barometr.kg/tokmokto-asker-kyzmatkeri-ayaly-menen-chataktashkandan-kijin-muunup-kaza-tapty



Добавить комментарий