Токко урунуп эки колунан ажыраган жоокерге протездин бири алынып келинди
Поделиться в:
Токко урунуп эки колунан ажыраган жоокерге протездин бири алынып келинди. Бул тууралуу Башкы штабдан билдиришти.
Маалым болгондой, Түштүк Кореяга протездин бирөөсүнө гана тапшырык кылынган. Себеби, жоокер экинчи колунан кийин ажыраган.
Дагы бир протезге тапшырык жакында берилет. Протездин баасы 60 миң доллар.
Эске салсак, жоокер Руслан Сапарбаев 19-августта кызмат учурунда токко урунуп эки колунан ажыраган.
Ссылка: https://barometr.kg/tokko-urunup-eki-kolunan-azhyragan-zhookerge-protezdin-biri-alynyp-kelindi
Добавить комментарий ×