“Ток эркек менен ачка эркек-экөө таптакыр эки башка адам”
Жашоонун чындыгын чагылтырган таамай сөздөр адамга кээде абдан чоң дем берет. Жашоо боюнча эң таамай айтылган фразаларды бүгүн barometr.kg сизге сунуштайт. Аларды окуп акыл казынаңызды байытышыңызга тилектешпиз.
-Эгерде сиз менен кимдир бирөө чатакташып жатса, ал адамга сиз керексиз.
-Ток эркек менен ачка эркек-экөө таптакыр эки башка адам.
-Максатка жеткен кезде биздин ага карата кызыгуубуз жоголот.
-Эгерде сизде лидердин гени бар болсо, жумушчу болуунун маңызы жок.
-Коркуу-бул табигый нерсе. Тынчсыздануу табигый эмес.
-Баардыгы өлүмдү башкаларга келип, өзүнө келбечүдөй сезе беришет.
-Эң чоң көлөкөнү эң кичинекей коркунучтар түшүрөт.
-Жакшы маанайда жүрүү-бул чечимдердин эң жакшысы.
-Акча үчүн гана сүйө турган адамдар бар.
-Сүйүү жана ажырашуу көп нерсеге үйрөтөт.
-Бакытты акча менен сатып ала албайсыз.
-Бирөөгө жармаша берүү эң жаман сапаттардын бири.
-Ооруп жаткан жана кедей адам менен талашып тартышпаңыз.
-Оорунун жакшы дарысы-күлкү.
-Айланаңыз сулуулукка чулганып турса жаман нерсе издей бербей ырахат алыңыз.
-Ар бир курактын өзүнчө акылмандыгы бар.
-Капа болуп турганда, суусап турганда жана ачка болуп жаткан учурда балаңызды урушпаңыз.Эки эсе катуу тиет.
-Кичине келесоо болуп койсоңуз, ашыкча талап койгондордон кутуласыз.
-Адам сизге жакшы сүйлөп же күлүп сүйлөп жатса баарын унутуп калды деп ойлобоңуз.
-Азыркы мүнөттө азыр жашайбыз бул учур кайра эч качан кайталанбайт.
-Жашоо мектебинде сабактан качып кетүү деген болбойт.
-Биздин ким экенибизди башкалар биз тууралуу эмне дегендери эмес, биз башкаларга эмне деп айтканыбыз көрсөтүп турат.
-Жаштар үлгүрбөй калабыз деп коркушат, ал эми улгайгандар кечигип калдык деп коркушат.
-Бир жерде эч ким тура бере албайт. Же өсүп өнүгөсүз же деградация болосуз.
-Өзүңүзгө “акылдуу болуп унчукпа” деген сөздү көп айта жүрүңүз!
-Көп адамдын маселеси өзүн сыйлабагандыктан келип чыгат.
Ссылка: https://barometr.kg/tok-erkek-menen-achka-erkek-ek-taptakyr-eki-bashka-adam
Добавить комментарий ×