Жарыша өткөрүлгөн тойлор, атаандаштыктан чыккан салттар. Кимге жыргал, кимге түйшүк дүнүйө

28 августа 2019 12:50 4068 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызда той өткөрүүнү жакшы көрөбүз. Той тойдун эртеси да болот дегендей. Кыргызда жамандык, жакшылык деген түшүнүк бар.

Жакшылык - бала төрөлгөндөн баштап, каза болгонго чейинки тойлор, адамдык мамилелер, ал эми жамандык - сөөк коюу. Жакшылыкты той берүү менен белгилөө, жамандыкты аза күтүп кайгыруу менен белгилөө салт.  

Ал эми тойдун ээлерине ыр-күлкү оболоп, келген коноктордун ак бата тилектер айтылат. Той бала төрөлгөнгө, аны отургузганга, кыз берип, келин алганга, жаңы үйгө киргенге ж.б. арналып берилет.

Бирок, азыркы тойлорго басым жазасак комерциялык багытта бараткандай. Заманбап тойлор кыргыздын салтына да кирбейт. Атап кетсек ЗАГСга кортедждер менен баруу, келин боло турчу кыздарыбыз кымбат баалуу, жарым жартылай ачык ак көйнөктөрдү кийгендери кыргыздар үчүн салттка айландырып жаткандары өтө өкүнүчтүү. Мисалы жылдан жылга элдин жашоо шарты жакшыргандыктанбы тойлорду да кадыр барктуу тойканаларды, тамада, ырчы-бийчилерди чакыруусуз өтпөйт. Ошол тойкана, тамада, ырчы-бийчилерди тойдун ээлери багып жатканы айдан ачык эмеспи. Тойдогу чыгымдын көбү ушуларга кеткендей. Той - дасторкон жайнаган дүйүм тамак-аш, бака-шака түшкөн тамадалардын таң-тамашалары менен коштолот. Той чыныгы майрамга айланбай, кийин кийилбөөчү чапандар жабылып, сөз чектелип, музыка дүңгүрөтө ашкере бийик коюлуп, жылаңач кыздар бийлеп, фотографтар, артисттер келип, бизнес жасоочу жерге айланып баратканы, кээ бир тамаданын акылга сыйбаган оюндарынан уялбагандан өзүң уял болосуң. Тойлор да шоубизнеcке өтүп, ызы-чуу дискотекага келгендей болосуң. Айтор тойдон ырахат алып, эс албастан, суй жыгыла чарчап, бир нече күнү кулагың дүңгүрөп жүрөт.

Ал эми эң негизгиси тойго да чакырылган коноктор алыш-катышка жараша конверттен, алтындан баштап машинага чейин белектерди тартуулашат.

Мындай тойлор байлардын гана чөнтөгүнө туура келсе керек. Кыргызда “эл алдында уят болбойлу” деп бардык жагынан намысты коюп келебиз. Байларга теңелебиз деген чөнтөгү жука карапайым элибиз болгон малын сатып, малы жоктор кридит алып намыстанып байларга теңелип той беришет.

Ар бир кыргыздын үйүндө той болуп турсун! Биз тойлорго каршы эмеспиз, ошол тойдогу аша чапкандыкты кантип токтотобуз деген ой келет. Бул аша чапкан тойлорго сиздердин ой-пикириңиздер, көз карашыңыздар.

Ссылка: https://barometr.kg/tojlor-shoubiznezke-tp-komerciyalyk-bagytta-baratkandaj



Добавить комментарий