Тойдо чачташкандар, фигура - гитара, бир күндүк жетекчи, боексуз Айжан. Шоу-бизнестеги бир жылдык чырлар

31 декабря 2018 13:06 10187 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

2018-жыл аягына жетип, бир нече сааттардан кийин жаңы жылдын коңгуроосу кагылуу алдында турат. Карапайым калк дагы, жумушчулар дагы, жадакалса шоу-бизнестин өкүлдөрү дагы быйылкы жылдын жыйынтыгын чыгарып олтурган кези. Barometr.kg сайты 2018-жылда шоу-бизнес чөйрөсүндө кандай чуулгандуу чыр чатактар болуп өткөндүгүн тизмектеп көрдү.

1. Айгерим Расул кызы - Нурзат Токтосунова.

2018-жылда көпчүлүктүн оозуна алынган чырлардын бири алып баруучу Нурзат Токтосунова менен ырчы Айгерим Расул кызынын тойдогу пикир келишпестиги. Бул окуя пикир келишпестик эле эмес "чачташуу" менен аяктаганы маалым. Күбөлөр видео тасмага түшүрүп алып интернет булактарына таратып жиберишкен. Айгерим Расул кызы кош бойлуу болгондуктан Нурзат катуу сынга кабылган. Кийинчерек Гүлшайыр Садыбакасова эки атактууну элдештирген.


2. Аваз Акимов - Назира Жетигенова.

Бул экөөнүн чыры Instagramга ырчы Аваз Акимов алып баруучу Назира Жетигенованын "фигурасы" талкууга алынган сүрөт жүктөгөндөн кийин башталган. Алардын кайым айтышуулары маалымат каражаттарына тарагандан кийин атактуулар элдешишкен. Назира Жетигенова:

"Аваз менин иним, биз бат урушуп бат эле элдешебиз" -деп Instagram баракчасынан кабарлаган.


3. Роза Шакирова - Илим Карыпбеков.

Ырчы Роза Шакирова жеке интернет баракчасына КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековго болгон нааразычылыгын жазып чыккан. Коомчулук Карыпбековду катуу талкууга алып, анын дарегине терс пикирлерди калтырышкан. Көп өтпөй Илим мырза:

"Менин Роза Шакирова менен да башка ырчылар менен да ысык суугум жок" -деп көпчүлүктү түйшөлткөн суроого жооп берген.

4. Анжелика - Урмат Бекболиев.

Ырчы Анжеликанын жеке жашоосу, ишмердиги, чыгармачылыгы социалдык тармакта бир жыл бою талкууда болду. Быйыл ырчы айым жолдошу Урмат Бекболиев менен эки айрым жолго түшкөндүгү тууралуу маалымдады. Алардын ажырашуусунун бир олуттуу себеби каармандар тарабынан айтылбаган менен коомчулук ар тараптуу өз божомолдорун айтып чыгышты. Айрымдар Анжеликадан ката кетти дешсе, башкалар Урмат көөп кетти деп айтышты. Окуядан көп убакыт өтпөй Анжелика атасынын фамилиясына кайра өткөндүгүн кабарлаган. Кийинчерек ырчы айым:

"Жүрөгүмдүн ээси бар, мен ал адамдын жүзүн эч качан көргөзбөйм" -деп маалымат берген.

5. Сайкал Садыбакова - Максат Давранов.

Бул эки жаш турмуш курган кургандан көп өтпөй эле белгисиз себептерден улам жеке баракчаларындагы чогуу түшкөн сүрөттөрүн өчүрүп салышты. Эки жаш бул тууралуу ачык маалымат беришпесе да Instagram баракчалары аркылуу бири-биринин дарегине "какшык" постторду жазышты. Бирок бүгүнкү күнгө чейин алар маалымат каражаттарына так маалымат бербей келишет.

6. Самара Каримова - Азамат Жаманкулов.

Самара Каримова да быйылкы жылдын чырларынан кур калган жок. Ырчы Оштогу музыкалык окуу жайга жетекчи болуп дайындалып бир күндөн кийин кызматтан бошотулган. Маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бул мыйзамсыз чечим болгондугун жана ырчы айым бул кызматты өзү сурап алгандыгын кабарлаган.

7. Жанетта Бобкова - Илим Карыпбеков.

Ырчы Жанетта Бобкова КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков менен мурдагы кайнатасы Юрий Бобков "мага бөгөт болуп жатышат" деп интернет баракчасы аркылуу коомчулука жарыялаган. Кийин Карыпбеков бул ырчы менен да чырын өз ара чечишип алышканын айткан.

8.Айжан Асемова - Урмат Борченов.

Тойлордо ар түрдүү кызыктуу оюндар уюштурулуп келет. Алып баруучулар коноктордун маанайын көтөрүү үчүн эмнелерди гана кылышпайт. Урмат Борченов алып барган тойлорунда "эмне жетишпейт?" деп элдерге окшош бирок бир нерсеси жетишпеген сүрөттөрдү чыгарып суроо салат. Андай сүрөттөрдүн катарын блогер Айжан Асемова боексуз сүрөтү да бар экендиги маалым болгон. Блогер өзүнүн жеке баракчасынан алып баруучуларга нааразычылыгын билдирген. Урмат Борченов ошол эле күну Айжандан видео кайрылуу менен кечирим сураган.

Бул пикир келишпестиктердин баары албетте өз ара түшүнүшүү менен аяктады.

Barometr.kg сайтынын редакциясы жалпы окурмандарына жаңы жылда жаман жаңылыктардын аз болуп жакшы жана позитивдүү жаңылыктардын көп болушун каалайт.


Ссылка: https://barometr.kg/tojdo-chachtashkandar-figura-gitara-bir-kndk-zhetekchi-boeksuz-ajzhan-shou-biznesteri-bir-zhyldyk-chyrlar



Добавить комментарий