Тогуз-Торо милициясы баңгизат менен алектенген жаранды кармады

8 декабря 2020 17:32 610 Barometr
Поделиться в:
ok

Тогуз-Торо РИИБдин Криминалдык милиция кызматына Тогуз-Торо районунун тургуну “Н” аттуу жаран жыты “Кара куурайга” окшогон баңгизатын колдонуп жүрөт деген маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Бул факт боюнча маалымат 2020-жылдын 29-ноябрда Тогуз-Торо РИИБдин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши  башталган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө жана тергөө амалдарынын жыйынтыгында шек жараткан жаран  Тогуз-Торо районунун тургуну 1988-жылы туулган Ч.Н. экендиги аныкталып, 2 (эки) даана тоголок формада, өзгөчө кескин жытка ээ болгон күрөң түстөгү баңгизатын жанында алып кетип жаткан жеринен кармалган.

 Тергөөнүн жүрүшүндө ал тоолордон баңгизат камтыган чөптөрдү терип келип, үйүндө  майдалап, андан чыккан пырындыны атайын жасалган темир идишке салып пресстеп, андан тоголок формага ээ болгон баңгизатын даярдап жүргөндүгү жана алынган баңгизаттары боюнча дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык 23,8 грамм салмактагы “каннабистин смоласы (гашиш)” банги заты экендиги аныкталган. 

 Өзүнүн кыймыл аракети менен  Ч.Н. ЖКнин 268-берененин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн  кылмыш ишин  жасагандыгы боюнча шектүү экендигине негиз берген жетиштүү далилдер чогулган. Анын баш коргоо чарасы Тогуз-Торо райондук соту тарабынан каралып, 2 айга камакка алуу түрү тандалып, Тогуз-Торо РИИБдин УКЖга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

                                                        

Ссылка: https://barometr.kg/toguz-toro-miliciyasy-bagizat-menen-alektengen-zharandy-karmady



Добавить комментарий