Тогуз айда 587 адам жол кырсыгынан каза тапты
Жыл башынан бери эсептелгенде 9 айда Кыргызстанда жол транспорт кырсыгынан 587 адам каза тапкан. Бул тууралуу Бишкекте болгон брифингде Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жол-патруль кызматы жана укук кабыл алуу практикасы башкармалыгынын башчысынын орун басары Манас Сыдыгалиев билдиренин “Барометр” маалымдайт.
“Быйылкы жылдын январь айынан сентябрь айына чейинки мезгилде өлкөдө 5 437 унаа кырсыктары катталып, аларда 587 адам каза тапса, анын ичинен 78 бала көз жумду. Жабырлануучулардын саны 8 298 адам болду. Өткөн жылга салыштырмалуу жол кырсыктарынын саны өсүп жатат, бул 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам чектөө киргизилгенине байланыштуу”,-дейт Сыдыгалиев.
Орун басар белгилегендей, Кыргызстанда жол кырсыктарынын статистикасы дайыма талдоого алынып турат. Эң эле көп катталган жол кырсыктары 2013-жылы болуп, анда алардын саны 7,5 миңге жеткен. Андан соң 2017-жылы жогорулап, андан бери кайрадан төмөндөөнүн үстүндө болуп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/toguz-ajda-587-adam-zhol-kyrsygynan-kaza-tapty
Добавить комментарий ×