Түнкү клубдун ди-джейин өлтүрүүгө шектүү делген жаран кармалды

2 марта 2021 12:34 6005 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын "Чыгыш-5" кичи районунан түнкү клубдун ди-джейин өлтүргөн деген шек менен 37 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнын басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Буга чейин, 2021-жылдын 25-февралында "Чыгыш-5" кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин батиринде белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. 

Эксперт-криминалисттер  жансыз денени кароодо, оң ийини мылтыктын огу менен жарадар болгон, ийинден  кабыргасына өтүп, жүрөк токтоп калган. Милиция кызматкерлери маркумдун өздүгүн тактаганда ал 1983-жылы туулган С.Д. аттуу жаран болуп чыккан. 

Аталган факт Свердлов районунун ИИБнын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып жана бул боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жазык кодексинин 130-беренесине (адам өлтүрүү) ылайык сотко чейинки өндүрүш башталып, керектүү экспертизалар дайындалган.

"Издөө иштеринин натыйжасында, Бишкек шаарынын аймагынан шектүү адам аныкталып 1984-жылы туулган Л.В. аттуу жаран болуп чыкты. Ал тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Шектүү деп каралган жарандын жашаган жеринде, ыкчам-иликтөө иш-аракеттерди жана издөө иш-чараларды жүргүзгөндө ок атуучу куралдар табылып алынган; мылтык ТОЗ-8. с38421, МЦ 2001-915179  тиешелүү документтери жок,  4.5 калибрдеги пневматикалык тапанча,  ПМ 9мм ден  3 даана ок, 9мм октон 3 даана гильза, жана 9мм ден 2 даана ок", - деп айтылат маалыматта.   

Учурда кылмышка шектүүнүн башка кылмыш иштерине катышы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/tnk-klubdun-di-dzhejin-ltrg-shekt-delgen-zharan-karmaldy



Добавить комментарий