Түндүк Кореянын лидери бир жылда Кытайга төртүнчү жолу барды

8 января 2019 11:29 1035 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Түндүк Кореянын лидери Ким Чон Ын  Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин чакыруусу менен 7-январда Кытайга келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга ылайык лидердин иш сапары 10-январга чейин уланат.

Жолугушуунун максаты ачык айтылбаганы менен америкалык аналитиктердин божомолунда  Ким Чен Ындын АКШ президенти Дональд Трамп менен ыктымал жолугушуусуна даярдык деп айтышууда. 

Ушуну менен Ким Чен Ындын Бээжинге бир жыл аралыгында төртүнчү жолу келиши. Өткөн жылы Сингапурда өткөн америкалык-түндүк кореялык саммитке чейин 2018-жылы 25-28-мартта, андан кийин 7-8-майда жана 19-20-июнда  Кытайга келип кеткен. 

Ссылка: https://barometr.kg/tndk-koreyanyn-lideri-bir-zhylda-kytajga-trtnch-zholu-bardy



Добавить комментарий