“Түндүк электрге” жаңы дайындалган директордун талапкерлиги Садыр Жапаров менен макулдашылган

30 октября 2020 15:19 1037 Barometr
Поделиться в:
ok

"Түндүк электр" ААК жаңы директорду дайындоодо, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен макулдашылган. "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматын айтымында, митинге чыккандардын “кадр маселесинде өзүм билемдиктер болуп жатат” дегени жалган. Бул туурасында аталган ишкананын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Бүгүн, 30-октябрда,  өкмөт үйүнүн алдына Астаркулов Улан Болотбековичтин мыйзамсыз  дайындалганын айтып, митинге чыккан кызматкерлердин нааразычылыгы жөнүндө "Түндүк электр" билдирүү таратты.

“Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-майындагы No 274 токтому менен "Түндүк электр" ишканасына Улан Астаркулов директор болуп дайындалган. Астаркуловду аталган ишкананын башкы директорунун кызмат ордуна шайлоо үчүн Кыргыз Республикасынын премьер-министри Садыр Жапаров менен макулдашылган.

«Түндүк электрдин» директорлор кеңешинин 2020-жылдын 27-октябрындагы No6 протоколунун жана 28-октябрындагы No679 буйругунун негизинде Астаркулов «Түндүк электр» бөлүштүрүүчү компаниясынын башкы директору болуп дайындалган” , - деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, бүгүн, 30-октябрда "Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери өкмөт үйүнүн алдына митинге чыгышкан. Алар,  аталган ишкананын мурунку директору Доскул Бекмурзаевдин ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Улан Астаркуловдун келишине нааразы болуп митинге чыгышкан.

Митингчилер Садыр Жапаров чыгып, алар менен жолугуусун талап кылып, тарабай жатышат.  

Ссылка: https://barometr.kg/tndk-elektrge-zhay-dajyndalgan-direktordun-talapkerligi-sadyr-zhaparov-menen-makuldashylgan



Добавить комментарий