“Түндүк электр” ишканасы: “Күн сайын 800 абонент кайрылат, карызы барлардын саны 2500-3000ге чейин жетет”
Бишкек шаарындагы “Түндүк электр” ишканасынын тейлөө борборунун 15 кызматкери 2018-жылы 225 631 керектөөчүлөрдү тейлеген. Орто эсеп менен алганда айына 18 000 адамга кызмат көрсөтүлгөн. Азыркы учурда тейлөө борборуна күн сайын 800 абонент кайрылат. Ал эми карызы бар абоненттердин саны 2500-3000ге чейин жетет.
Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматкери Гуля Мураталиева Вarometr.kg сайтына билдирди:
“2018-жылы тейлөө борбору кызмат көрсөтүүдө бир топ ийгиликтерге жетишти. Алсак, абонентти электр энергиясы менен камсыздоо же камсыздабоо чечимин кабыл алган жетекчилер менен арыздануучулардын түз байланышына бөгөт коюлду, коммерциялык тараптарга кызмат көрсөтүүдө ортомчулук кылгандар жок болду, керектөөчүлөр менен байланыш жакшырды. 2017-жылдын 4-кварталына салыштырмалуу быйылкы жылы тейлөөнүн сапаты боюнча арыздануучулардын саны 40 % кыскарды” – деп маалымат берди.
Муну менен катар техникалык шарттарды алууда да өзгөчөлүктөр билинип турат. Абоненттердин калтырган пикирлери боюнча бардык талаптар өз убагында аткарылып, техникалык шарттардын жыйынтыгын ыңгайлуу маалда алып кетишүүдө. 2018-жылы борбордон 261 долбоор, 376 контракт жана 1778 техникалык шарттар берилген деп кошумчалады.
Белгилей кетсек, тейлөө борбору ачыла электе абоненттерге кызмат көрсөтүү ар бир район боюнча өзүнчө кабинеттерде жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө борбордо универсалдуу айнекчелер иш алып барат. Операторлор абоненттерди аймактарга бөлбөстөн бардыгын тегиз кабыл алат.
Тейлөө борборлорунун тизмеси:
“Түндүк электр” ишканасынын тейлөө борбору Тоголок Молдо, 70 А дарегинде жайгашкан (Жибек-Жолу чоң көчөсү менен кесилишет).
Тейлөө борбордун иштөө мөөнөтү
Дүйшөнбү –Бейшенби күндөрү: саат 08:00-17:00го чейин
Жума күнү: саат 08:00-15:45ке чейин
Ишемби: саат 08:00-12:00гө чейин
Түшкү тыныгуу: тыныгуусуз
Добавить комментарий ×