“Түндүк электр” ишканасы Кантта ачык эшик күндөрүн өткөрдү

28 мая 2019 10:38 2067 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

“Биргеликте жарык - Кыргызстан” фестивалынын алкагында “Түндүк электр” ишканасы райондук электр тармактарында ачык эшик күндөрүн өткөрүүдө. Кезектеги ачык эшик күнү аталган ишкананын Кант райондук электр тармактарында уланды. Бул тууралуу Вarometr.kg сайтына ишкананын басма сөз кызматы маалымдады.

Кант РЭТнин жетекчиси Зарылбек Машрапов № 25 кесиптик лицейдин студенттерине РЭТтин ишмердүүлүгү, энергетика тармагынын өзгөчөлүктөр тууралуу айтып, тиричиликте колдонгон энергетика ресурстарына аяр мамиле жасоо керектигин белгиледи. Студенттер бөлүштүрүү тармактарынын жана ыкчам-диспетчердик тобунун аймактарында болушту. Электр энергиясын сатуу кызматында студенттерге абоненттердин өз убагында электр энергиясы үчүн төлөм жүргүзүүсү, калкты сапаттуу электр энергия менен камсыздоого таасир этерин түшүндүрүштү. Студенттер оңдоо цехиндеги трансформаторлорду оңдоо ишине күбө болушту.  

Эске сала кетсек, май айында Кыргызстанда “Биргеликте жарык -Кыргызстан” фестивалы башталган. Фестивалдын негизги максаты жашоо тиричиликте электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу. «Биргеликте жарык- Кыргызстан» - акциясынын  башкы максаты Кыргызстандын жашоочуларын энергоресурстарга болгон көз карашын өзгөртүп, тиричиликте жана өндүрүштө заманбап технологияларды колдонууга чакыруу болуп саналат.

Ссылка: https://barometr.kg/tndk-elektr-ishkanasy-kantta-achyk-eshik-kndrn-tkrd



Добавить комментарий