«Түндүк электр» ишканасы Бишкек шаарындагы карызын төлөбөгөн абоненттердин жарыгын өчүрөт
«Түндүк электр» ишканасы Бишкек шаарын, Чүй жана Талас облустарын жарык менен камсыздайт. Учурда миңдей абоненттин карызы бар. Эми 26-августтан тарта Бишкек шаарындагы беш миң абоненттин электр жарыгын өчүргөнү жатат. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы берген маалыматка таянып «Барометр» билдирет.
Көрсөтүлгөн күнгө чейин электр энергиясына болгон карыздан кутулуу боюнча компаниядан эскертүү болгон. Эми убагында төлөбөй койгондордун жарыгы өчүрүлөт. Абоненттердин жалпы карызы канча экени маалыматта айтылган эмес.
Мекемеден билдиришкендей, карызды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, "БТА Банк", ошондой эле UMAI, "Элсом" электрондук капчыктары, "Айыл Банкы", "Дос Кредо Банкы", "БТА Банкы", "КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы" терминалдарынан, ошондой эле "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы аркылуу төлөөгө болот.
"Акылдуу эсептегичтер" жарыкты аралыктан өчүрөт. Карыз төлөнгөндөн кийин абонент кайра электр энергиясына ошол эле жол менен туташтырылат.
"Түндүк электр" буга чейин карызы төлөнбөгөн Бишкектин он миңдей абонентинин свети өчүрүлөрүн айткан.
Добавить комментарий ×