"Түндүк электр": Абоненттердин карызы 500,6 млн сомго жетти. 14-сентябрдан баштап электр энергиясын берүүнү чектей баштайт

11 сентября 2020 14:33 803 Barometr
Поделиться в:
ok

"Түндүк электр" ишканасы абоненттердин электр энергияга болгон карызы 500,6 миллион сомго жеткенин айтты. Бул төлөмдөрдөн чогулган акчанын негизги бөлүгү электр жабдууларын оңдоого кетет. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“1-сентябрга карата "Түндүк электр"  ишканысынын абоненттеринин электр энергияга болгон карызы 500,6 миллион сомду түздү. Электр жарыгын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн “Түндүк электр” ААК абоненттерди электр энергиясына болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө үндөйт, анткени 14-сентябрдан баштап акционердик коом электр энергиясын берүүнү этап-этабы менен чектей баштайт”, -деди ишканадан.

Ссылка: https://barometr.kg/tndk-elektr-abonentterdin-elektr-energiyaga-bolgon-karyzy-5006-mln-somgo-zhetti-14-sentyabrdan-bashtap-elektr-energiyasyn-bern-chektej-bashtajt



Добавить комментарий