26 жаштагы Айгеримдин өлүмү: Кандуу окуянын жаңы жагдайлары
Төмөнкү Ала-Арчадагы үрөй учурган окуядан каза болгон Айгеримдин туугандары журналисттерди так маалымат таратууга чакырды. Бул тууралуу каза болгон кыздын жакындары “Барометрге” билдирди.
Айгеримдин туугандары бул кылмышты уурулук эмес, атайын даярдалган кылмыш деп эсептеп жатышат. Алардын айтымында, кыздын жанындагы баалуу буюмдарды жана үйдүн ичинен да эч нерсени алып кетишкен эмес.
Окуя болгон түнү денесинин бир нече жерине бычак жеп оор абалда жаткан Айгеримдин атасы 26 жаштагы кызынын каза болгонун азырынча билбейт.
26-сентябрга караган түнү үйүгө беткап кийген белгисиз адамдар кирип келишкен. 62 жаштагы Жолдошбек Токбаев оор жаракат алган. Кол салгандар эч нерсе уурдаган эмес, андыктан кылмыштын себептери дагы деле болсо белгисиз. Кылмыш иши Чүй облусунун ИИББнин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынып, тергөө амалдары менен тажрыйбалуу кызматкерлер алектенүүдө.
Каргашалуу түнү, үйдө Жолдошбек Токбаев, кызы Айгерим, эки кичинекей небереси, келини, ошондой эле Айгеримдин тайкеси болгон.
Туугандарынын айтымында, кол салгандар эки адам болгон. Башында алар Айгерим жаткан бөлмөгө кирип келишкен. Беткапчан адамдарды көрүп, кыз кыйкыра баштаган. Кол салгандар менен алышып, жеңесин жардамга чакырган. Ошол учурда кылмышкерлердин бири эшиктен колуна бычак кармап чуркап кирген. Келин эшикке кошуналарын жардамга чакырууга чуркап чыгып, кайра келсе Айгерим канга бойолуп жаткан экен.
Ошол учурда кыйкырыктан ойгонгон Жолдошбек Токбаев кызына жардамга чуркап келген. Кылмышкерлер 62 жаштагы карыяга көкүрөк тушуна, жамбашына, жана дагы бир нече жерин бычактап кетишкен.
Айгерим үй-бүлөнүн кенже кызы болгон. Анын эки агасы бар.
Туугандарынын айтымында, эки күндөн кийин Жолдошбек Токбаев ооруканадан чыгарылганы жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/tmnk-ala-archadagy-26-zhashtagy-ajgerimdin-lm-kanduu-okuyanyn-zhay-zhagdajlary
Добавить комментарий ×