Масабиров: 1946-жылы курулган Атмайдандын имараты азыр чалдыбары чыккан. Өкмөт ойлонуп көрүшү керек
Поделиться в:
Ордо калаадагы Атмайданда улуттук спорт оюндарына байланыштуу көптөгөн майрамдык ири иш-чаралар өткөрүлүп келет. Тилекке каршы, анын имараты азыр авариялык абалда турат. Аны оңдоого тийиштүү органдар уруксат бербей жатат. Демек, ал жерге жаңы имарат курууга туура келет. Бул тууралуу депутат Таалайбек Масабиров Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди. «Атмайдандын имараты 1946-жылы курулуптур, азыр анын чалдыбары чыгып калды. Эгерде ал жерде жаңы имарат курулса, улуттук оюндарды көрүүгө келген көптөгөн жарандарыбыз менен меймандарыбызга жагымдуу шарттар түзүлмөк. Бул маселени Өкмөт ойлонуп көрүшү керек», - деди депутат.
Добавить комментарий ×