"Ай-Данек" гезитинин башкы редактору: "Уят анекдот - атайын жасалган чагым"

14 ноября 2019 17:51 1220 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Жакында социалдык тармактарда «Ай-Данек» балдар жана ѳспүрүмдѳр басылмасына чыккан анекдот талкууга түштү. Социалдык тармактын колдонуучулары ар кандай пикирлерди жазышкан. Кээ бирлери уят анекдот десе кээ бири туура дешти. Бул маселенин чоо жайын билүү үчүн  Barometr.kg маалымат агенттиги гезиттин редактору менен байланышты.

«Андай анекдоттор күн сайын гезиттерде чыгып жатат. Ата-энелер комитетттери тууралуу ар кандай чыр чыгып жаткан учурда гезит тууралуу кызыгып баштаган. Мен ошол учурда Австрияга кетип жаткам. Түндѳ мага гезит чыкты деп кабарлашты. Бирок биздин  биринчи беттеги пландаган материал кетпей калыптыр. Башка материал эле. Келип мен териштирдим. Менин электрондук почтаман эч кандай материал жиберилген эмес. Даярдаган баланын электрондук дарегине бир нече жолу башкалар кирген. Менин дагы электрондук дарегим ошондой абалда.  Бир нече жолу менин фейсбук баракчам, талкаланды. Бирок бул жѳнүндѳ эч кимге айткан эмесмин. Ошондуктан бул маселени дыкан изилдѳѳ үчүн скриншот кылып, атайын флешкага сактап, сумкама салып койгом. Ошол сумкам флешкасы менен уурдалды»,- деп түшүндүрдү гезиттин редактору Токтайым Уметалиева.

Ссылка: https://barometr.kg/tlkan-ismailova-aj-danek-gezitinin-birin-betine-plan-boyuncha-bashka-material-chygysh-kerek-ele



Добавить комментарий