Түлеевдин батирлерин саткан шектүү Тажикстанга киргени жатып колго түштү

9 сентября 2019 09:35 3153 Barometr
Поделиться в:
ok

Нариман Түлеевге таандык батирлерди сатып, из жашырган Бишкек мэриясынын мурдагы кызматкери Баткенден колго түштү. Учурда ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул тууралуу шаардык милициясынын маалымат кызматы бүгүн билдирди.

Мыыламтка ылайык, шектүү буга чейин Баткен облусунун аймагында жашырынып жүрүп, өлкө чегинен чыгып, Түркияга качып кетүүгө аракет жасаган. Милиция менен Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин биргелешкен аракети менен ал Тажикстанга өтүп жаткан чек арада кармалган.

Учурда ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына киргилизип, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары шектүүнүн буга окшогон башка кылмыштарга да катышкан болушу мүмкүн деген маалыматты аныктоо боюнча ыкчам иш чаралар көрүлүп жатат”, - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө

Эске сала кетсек, Бишкек мэриясынын башкармалыгынын Э.А. аттуу кызматкери 8 муниципалдык батирди мыйзамсыз сатып жиберген. Кийинчерээк, ал батирлер экс-мэр Нариман Түлеевден тартылып алынган батирлер экени маалым болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/tleevdin-batirlerin-satkan-shekt-tazhikstanga-kirgeni-zhatyp-kolgo-tsht



Добавить комментарий