Түлеевден тартылып алынган 8 батирди сатып из жашырган мэрия кызмактерин милиция издеп жатат

2 сентября 2019 16:05 1004 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек мэриясынын кызматкери Эрик Ашыралиев экс-мэр Нариман Түлеевден тартылып алынган сегиз батирди сатып жиберген.

Бул тууралуу маалыматты мэриянын муниципалдык мүлк башкармалыгынын (ММБ) башчысы Нурдин Тынаев бүгүн ачыкка чыгарганын шаар бийлигинин маалымат кызматы билдирди.

"Мэриянын ММБнын кызматкери муниципалдык мүлктү сатуу боюнча аукциондун жасалма протоколун даяярдып, шаардагы Москва көчөсү 191 даректеги 8 батирди сатып жиберген. Акчасын алып, из жашырып кеткен", - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрда ММБнын башчысы бул факты боюнча Бишкек шаардык милициясына кайрылган. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон. Ал эми ММБнын кызматкерине издөө жарыяланган.

Мэрия белгилегендей, аталган кызматкер башкармалыкта бир жарым айдан бери иштеп келген.

 “Урматтуу шаар тургундары! Мэрия муниципалдык батирлерди сатпайт. Ал батирлер муктаждарга берилет же ижарага берилет. Эгерде сиз кокусунан абийирсиз кызматкердин амалынан жабыркаган болсоңуз, анда мэриянын ММБсына төмөнкү телефондор аркылуу байланышыңыз: 0312 62–01–03; 62-01-12 же Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылыңыз”, - деп мэрия шаар тургундарына кайрылат. 

Ссылка: https://barometr.kg/tleevden-tartylyp-alyngan-8-batirdi-satyp-iz-zhashyrgan-meriya-kyzmakterin-miliciya-izdep-zhatat



Добавить комментарий