Түлөбаев: Айлыгы жакшы “Аю холдингде” иштеп жүрө берсем болмок

15 августа 2018 01:15 2817 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысынын милдетин аткаруучу болуп жаңы дайындалган Балбак Түлөбаев  бул кызматты жаңы шайланган мэр Азиз Суракмактов сунуштаганын айтып, көпкө ойлонгон соң чечим кабыл алганын билдирди. Түлөбаев бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды. 

“Терең ойлонуу менен чечим кабыл алдым. Аябай ойлондум. Беш жылдан бери иштеп жаткан “Аю холдингден” кетип, Бишкек шаарынын аппаратын жетектегени бара жатам. Бишкек – мамлекеттин борбору. Ал шаар тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу жана коопсуз болушу керек. Биздин милдет – бул шарттарды түзүү болуп эсептелет” – дейт Түлөбаев. 

"Ошондой эле сүйүктүү “Аю холдингде” иштеп жүрө берсем болмок. Айлыгы жакшы. Коллективи иштерман өлкөгө миллиардаган салык төлөп канчалаган кайрымдуулук иштерин жасап келет. Чечим кабыл алдык эми чыдайбыз. Баарына чыдайбыз. Убакыт тараза”, - деп жазды Түлөбаев.

Белгилей кетсек, жаңы шайланган Бишкек мэри Суракматов бүгүн расмий түрдө ишине киришти. Анда Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы болуп Балбак Түлөбаевди дайындаган болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/tlbaev-ajlygy-zhakshy-ayu-holdingde-ishtep-zhr-bersem-dele-bolmok



Добавить комментарий