Түкүрүнгөн милиционердин өздүгү такталды
Кызмат үстүндө формасы менен түкүрүнүп жана чылым чеккен милиция кызматкеринин аты-жөнү такталды. Бул тууралуу Чүй облусттук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, кечээ 8-январда социалдык тармактарда формачан милиция кызматкеринин жол четиндеги дүкөндүн жанында туруп алып түкүрүнүп жана тамеки тартып жаткан видеосу тараган. Видео Бишкектин ГЭС-5 районунда тартылган.
Маалыматта жазылгандай, кызматтык иликтөөдөн кийин түкүрүнгөн кызматкер М.М аттуу милиция кызматкери экендиги такталып, жаңы мыйзамга ылайык Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айыл өкмөтүнүн органдарына материалдар өткөрүлдү. Алар мыйзамга ылайык чараларды көрүшөт.
Эске салсак, 1-январда "Эреже бузуу жөнүндө" кодекс күчүнө кирген. Ага ылайык, коомдук жайларда түкүргөн жеке жактарга 5 миң 500 сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып пул салынат. Ал эми тыюу салынган жайда тамеки тарткан жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынат.
Ссылка: https://barometr.kg/tkrngn-milicionerdin-zdg-taktaldy
Добавить комментарий ×