Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталды. Адам өмүрүнө залал келген учурлар жок.
Поделиться в:
Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган. Бактыга жараша адам өмүрүнө залал келген учурлар болгон эмес.
Маселен Талас шаарыынын Манас көчөсүндө темир контейнерден салынган аянты 18 чарчы метр болгон намазкана толугу менен күйгөн. Ал эми Бишкектин
Биринчи Май районундагы Баялинов көчөсү №78 даректе жыгач устундуу темир жабылган кафенин 20 чарчы метр чатырын өрт алган. Ысык-Көлдүн
Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын Октябрь көчөсүндө турак үйдүн 5 чарчы метр полу, 3 чарчы метр шыбы жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Добавить комментарий ×