Тѳкмѳ акындардын сынагын Жеңишбек Жумакадыр жеңип алды. Байге фонду 2 млн сомду түздү

2 сентября 2019 10:01 4641 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Эгемедик майрамынында кыргыз –казак элдеринин тѳкмѳ акындарынын айтышы болду. Залкар төкмө Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына карата уюштурулган XIII эл аралык "Айтыш-2019" сынагы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониясында ѳттү.

Аталган айтышка Казак өлкөсүнүн 8 жана Кыргыз өлкөсүнөн 8 акын катышты. Финалга: 

1. Жеңишбек Жумакадыр

 2. Азамат Болгонбаев

 3. Асылбек Маратов

 4. Эламан Келдибеков

 5. Айнур Турсунбаева

 6. Балгынбек Имаш

 7. Мухтар Ниязов

 8. Жандарбек Булгаков. 

Андан соң чүчү кулак тартышып жуптарга бөлүнүп, айтышты. Эки элдин тѳкмѳлѳрү элдин черин жазып, жакшы маанай тартуулашты. Айтыштын биринчи күнүндѳ Эламан Келдибеков атаандашы Мухтар Ниязовго татыктуу жооп кайтара албады.  

Ал эми  эки элге бирдей таанымал Балгынбек Имаш да комузда кол ойноткону менен мурдагыдай айтыша албады. Саясий абалды, атка минерлерди, сатылган жерлерди ачылган кендерди ырдаган Жеңишбек Жумакадырды эл кыйкырык сүрөөн менен коштоду. Акын 20-жылдан кийин гана өзүнө кез келип отурган Айнур Турсунбаева менен болгон айтышты.

 Жыйынтыгында, кош баш байгени Айнура Турсунбаева менен Жеңишбек Жумакадыр, 1-орунда Асылбек Маратов менен Жандарбек Булгаков, 2-орунду Азамат Болгонбаев менен Мухтар Ниязов ал эми 3-орунду Эламан Келдибеков менен Балгынбек Имаш алышты.

Айтыштын байге фонду 2 млн сомду түздү.

Ссылка: https://barometr.kg/tkm-akyndardyn-synagy-zhyjyjntyktaldy



Добавить комментарий