Үтүк менен денесин күйгүзүп, кулагын кескен. Аялын эки күн кыйнаган эркек кармалды

9 июля 2021 13:16 2717 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын Талдыкоргон шаарында үрөй учурган окуя катталды.33 жаштагы эркек эки күн бою аялын квартирга камап, катуу сабап кыйноо көрсөткөн.Бул тууралуу nur.kz булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” билдирет.

 Окуя тууралуу алгач социалдык түйүндүн колдонуучулары жазган. Автор “Күйөөсү аялын эки күн сабаган. Эшикти бекитип, телефонун тартып алган.Уруп сабап, үтүк менен денесинин баардык жерин күйгүзүп, кулагын кескен. Келин бир нече жолу эсин жоготкон”,-деп жазган.

Алмата областынын полиция департаменти бул окуядан соң эркекти кармады.

“Шаардык ооруканага 29 жаштагы аял жаткырылган.Анын денеси күйүп, көгала болгон. Жарандык никедеги күйөөсү кызганычтан ушундай ишке барган. 33 жаштагы эркек кармалды”,-деп билдиришти полициядан.

Ссылка: https://barometr.kg/tk-menen-denesin-kjgzp-kulagyn-kesken-ayalyn-eki-kn-kyjnagan-erkek-karmaldy



Добавить комментарий