Тизме. Мамлекеттик бир катар жетекчилер кызмат ордунан бошотулду

22 февраля 2019 11:14 1995 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, мамлекеттик администрациялардын бир катар жетекчилери ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Алар: 

 - Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Таалайбек Ажиев

 

- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Улан Доконбаев

 

- Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Жумгалбек Дүйшебаев

 

- Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Масалбек Мырзамамытов

 

- Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Майорбек Сатымкулов

 

- Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Азамат Эсенбеков.

 Бул чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы жыйынынын протоколдук чечимине ылайык кабыл алынды.

Ссылка: https://barometr.kg/tizme-mamlekettik-bir-katar-zhetekchiler-kyzmat-ordunan-boshotuldu



Добавить комментарий