Тизме. Кыргыз шоу бизнесинин кымчабел "бизнесвумен" айымдары кимдер?

17 апреля 2019 18:26 5564 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Азыркы күндө Кыргызстанда ырчылар чындыгында жүздөп саналат. Албетте алардын баарынын эле ырлары популярдуу болуп авторун таанымал кылып жиберген даражада эмес. Бирок кыргыз эстрада жылдыздарынын арасында төбөсү көрүнүп “алдыңкылардын” катарын бербей келгендери да ондоп саналат. Алгач атактуу болуп элге таанылып андан кийин кесибине айкалыштыра бизнес ачып алган ырчылар да жок эмес. Шоу-бизнес өкүлдөрүнүн ар бир үчүнчүсүнүн дүкөнү, сулуулук салону, кафеси, чайканасы, бир сөз менен айтканда жеке бизнестери бар. Barometr.kg сайты кыргыз шоу-бизнесинин “бизнесвумен” айымдарын тизмектеди.

Анжелика Кайратовна

Ырчы Анжеликанын жеке бизнеси алгач сулуулук салонунан башталып аягы тармактык бизнес менен жыйынтыкталат десек болот. Дегенибиз Кайратованын борбор калаада жеке сулуулук салону, мода үйү, дизайнерлик үйү, соода туйүндөрүндө өзүнүн атына кийим саткан дүкөнү бар жана ал акыркы учурда айрым тармактык бизнестердин да өкүлү болуп келет. Анжеликанын автордук “Бактылуу айым” теледолбоору да бар. Ырчы бизнес менен гана алектенип калбастан өзунүн сүйүктүү кесиби ырчылык менен да жогорку деңгээлде иш алып барып келет. Байма-бай жаңы ырларды жаздырып, өзгөчө клиптерди тартканга да жетишет. Эң кызыгы ырчы ошол эле учурда үч кызына татыктуу тарбия берип чет өлкөлөрдө бат-баттан эс алып келүүгө жетишет.

Самара Каримова


Каримова элге кубулжуган үнү, сулуулугу менен гана эмес актёрдук чеберчилиги менен да таанылган. Бул ырчы да Кыргызстандын шоу-бизнесиндеги “бизнесвумендердин” катарын толуктайт. Самаранын учурда Ош шаарында жеке сулуулук салону, “Самара” чайканасы бар. Ырчы жолдошунун сүйүктүү жубайы, 1 кыз 2 уулдун татыктуу апасы.

Малика Дина


Динара Акулованын кызы Малика Дина борбор калаада жайгашкан соода түйүндөрүнун биринде бут кийим жана белгилүү брендди (көз айнек, сөйкө, кол сааттар) саткан жеке дүкөнү бар. Малика учурда бир кызды тарбиялап өстүрүүдө.

Асем Токтобекова


Асем Токтобекова бир гана ырчылык менен чектелип калбастан актрисалык кесипти да аркалап келет. Актриса жараткан ролдор көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланып келет. Ал түгүл ырчы жеке режиссёрлугу астында кино тасма да тарткан. Ырчы “Асем” деген аталыштагы сулуулук салонун да ачты.

Гүлнур Асанова


Асанова ырчы жана актриса. Ырчы 2018-жылы “Салкынай” аттуу сулуулук салонун ачкан.

Бактыгүл Бадыева


Бактыгүл Бадыева учурда ырчылыктан алыстап кеткенине көп убакыт болду. Ал “Эркеле” сулуулук салонун жетектеп келет. Ырчынын учурда сүйүктүү жубай жана 3 кыздын апасы.

Неля Нуркулова


Урмат Үсөновдун жубайы Неля Нуркулова буга чейин эч кандай бизнес менен алек болбой келген. Бирок жылдыздуу түгөйлөр жакында жеке жыпар жыттуу атырларын чыгаруунун алдына турушат. Атырдын презентациясы 29-30-апрелде өтө турган жеке концертинде болуп өтмөкчү.

Айпери Кубик кызы


Айпери Кубик кызы өткөн жылы гүл дүкөнүн ачканын сүйүнчүлөгөн. Бирок эмнегедир ырчынын аталган бизнеси тууралуу толук маалымат жок. Кубик кызы учурда 2 уулдун апасы.

Ссылка: https://barometr.kg/tizme-kyrgyz-shou-biznesinin-kymchabel-biznesvumen-ajymdary-kimder



Добавить комментарий