Тизме. КТРКнын жетекчилигине талапкерлер 22ге жетип алардын 19у талапка жооп берди
Кечээ КТРК жетекчилигине талапкер болгондордун документтерин кабыл алуу жыйынтыкталып, ат салышууга ниеттенген 22 кишинин үчөө биринчи эле турда жарыштан четтеген. Бирок КТРКнын Байкоочу кеңеши талапкерлердин документтерин карап текшерип чыккандан кийин айрымдарынын сынактан четтетишсе башкаларына 3 күндүк мөөнөт беришти. Алардын ичинен 3 таларкер Аттокуров Элдар, Шеримбеков Бөлөкбай жана Муслимова Жылдыз айрым документтеринин жок болгондугуна байланыштуу сынактан четтечилди.
Калган 19 талапкердин 10унун “диний уюмга жана саясий партияга мүчө эмесмин” деген кепилдик каты жоктугунан улам, аларга 3 күндүк мөөнөт берилди.
Алар:
1. Каарманбек Кулуев;
2. Болотбек Тиллебаев;
3. Галина Байтерек;
4. Куттумидин Базаркулов;
5. Ишен Айтмамбетов;
6. Абдихалил Ахматов;
7. Сюита Соурбаева;
8. Сураган Доусубаев;
9. Эркинай Эшанкулова;
10. Замирбек Казакбай уулу.
Баардык документтери туура, талапка жооп берген болуп 9 талапкер тандалып алынды, алар:
1. Мирбек Мурзабеков;
2. Малика Курманова;
3. Мирлан Самыйкожо;
4. Адиль Турдукулов;
5. Жайнак Усен уулу;
6. Ибрагим Нуракун уулу;
7. Алим Токторов;
8. Дуйшок Мамбетомуров;
9. Илим Карыпбеков.
Эске салсак, КТРКнын башкы директорлугуна 4 жылдык мөөнөткө дайындалат. Байкоочу кеңеш жабык добуш берүү жолу менен тандайт.
Добавить комментарий ×