Тизме. Үй-бүлөдө жолу болбой калса да чыгармачылыгын өнүктүргөн ырчы айымдар
Көпчүлүк ырчылар өздөрүнүн чыгармачылыкка келгенин балалыктагы кыялдары менен, дайыма ырдагысы келгендиги менен түшүндүрүп келишет. Кыргыз эстрадасынын айрым ырчы айымдары үй-бүлө күткөндөн кийин чыгармачылыктан алыстап кетишкен. Ал эми айрымдары жалгыз бой болгонуна карабай чыгармачылыктын жаңы чокуларын багынтып келишет. Barometr.kg редакциясы шоу бизнестен өз ордун таап атактуулукка жеткен жалгыз бой ырчы айымдарын тизмектеди.
1. Динара Акулова
Динара Акулова чыгармачылыктын түйшүгүн тартып ысык-суугуна чыдап келе жатканына 40 жылдан ашык убакыт болду. Ырчы өзүнүн жасаган эмгектери үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамына татыган. Акулова буга чейин ырчы Абдумалик Шерматов менен баш кошуп, экөө 2 кыздуу болушкандан кийин эки ажырым жолго түшүшкөн. Турмуштун сыноолоруна сынып калбаган ырчы кыздарын өзү жалгыз багып чоңойткон. Динара Акулова деген атты уккан дээрлик ар бир кыргыз чыныгы талантты көз алдына элестете алат.
Белгилей кетсек, ырчы Гүлмира аттуу кызды да 11 жыл бою тарбиялап, сахнага алып чыккан. Кийин Гүлмира өз апасы менен кеткен. Ал эми туң кызы Мэри Дина учурда үй-бүлөлүү, балалуу. Ал эми кичүү кызы Малика Дина апасынын жолун жолдоп кичинекей кезинен бери ырчылык менен алектенип келет. Бир кыздын апасы. Жогоруда жазылгандай Акулова кыздарына өзүнүн атын “Дина” деп фамилия кылып берген. Учурда ырчы сахнадан алыстаса да чыгармачылыктан алыстаган эмес, тайэне катары небереси Айгүндү багып чоңойтуп жаткан кези. Ырчы актрисалык жаатында да өзүн сынап келет.
2. Гүлнур Сатылганова
Гүлнур Сатылганова Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ырчынын репертуарында 200дөн ашык ыры бар. Сатылганованын учурда 23 жаштагы Арназ (Арнас) аттуу бир уулу бар. Жолдошу Даниель Токтобаев уулу 5 айлык кезинде каза болуп калган. Жолдошунун көзү өткөндөн кийин ырчы башка турмуш күткон эмес. Гүлнур айымдын чыгармачылыгын кыргыз эле гана эмес, боордош өлкөлөр да абдан баалап келишет.
Ырчы инстаграм баракчасындагы постторунун биринде:
“Ырдай берем ырдаганды сүйөмүн,
Ырчылыкты туудай тутуп жүрөмүн.
Күйөрмандар сүйүп карап. Кол чапса,
Өзүмдү мен эң бактылуу сеземин”, -деп өзу жазган 4 сап ыры менен бөлүшкөн.
3. Анжелика Кайратова
Анжелика Бекболиева (Кайратова) жакында 30 жашка толгонунун урматына туулган күнүндө өзгөчө отчёттук концертин берүү алдында турат. Ырчы эң алгач 1997-жылы “Айчүрөк” театрында чыга баштаган. Анын жеке чыгармачылык жолу 2007-жылдан тарта өнүккөн деп айтууга болот. Урмат Бекболиевге турмушка чыккан Анжелика жолдошунун фамилиясына өтүп, алар 3 кыздуу болушкан. Бирок жубайлар белгисиз себептерден улам ажырашуу чечимин кабыл алышып, мыйзамдуу түрдө никеси жараксыз деп табылган. Кыздары Айыма, Элима, Айлин апасы менен калган. Жалгыз бой экенине карабай ырчы бир топ ийгиликтерге жетип келет. Ал ырчы гана эмес өзүн актрисалык жактан да сынап өзү тууралуу фильм тартууга да жетишкен, жеке ишкер. Айыма менен Элима апасынын жолун жолдоп ырчылык менен алектенип башташкан. Айыма азыртадан эле жакшы ийгиликтерге жетишип элдин сүймөнчүлүгүнө айланган. Анжелика жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөндөн кийин да чыгармачылыгын мыкты деңгээлде өнүктүрүүдө, ырчы жакынкы күндөрү кыялындагы батирдин ээси болгонун да сүйүнчүлөгөн.
4. Гүлнур Асанова
Гулнур Асанова элге ырчы катары эле эмес актриса катары да кеңири таанылган. Анын “Күзгү жалбырак” көркөм фильминде жараткан Алтынайдын ролу чоң атактуулукту алып келген. Ырчы 2017-жылдын 5-июнунда өзүнөн 3 жаш кичүү Бактыяр аттуу тамада жигитке турмушка чыгып кайра эле 3 ай бирге жашагандан кийин жубайлар ажырашып кетишкен. Ажырашуунун себептерин ырчы жабык боюнча калтырууну туура көргөн. Гүлнур учурда ырчылык менен гана алектенип тим болбостон жеке сулуулук салонун ачып бизнес менен да ийгиликтүү алектенип келет.
5. Кызсайкал Кабылова
Кызсайкал Кабылова турмушка чыгып кайра ажырашып кеткенине 2 жылдын жүзү болуп калды. Ырчы турмушка чыкканда жолдошу Эрнис анын хиджап кийип чыгармычылык менен коштошууну талап кылган. Кабылова баарына макул болуп ырчылыктан баш тарткан. Бирок ал жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөнүнө аталган маселе себеп болбогонун айтып келет. Кызсайкал кызы Альфиянын фамилиясын үстүбүздөгү жылдын 25-майында өзүнүн атына өткөргөнүн кабарлаган. Кабылова жолдошу менен ажырашкандан кийин кайрадан чыгармачылыкка кайтып, байкеси Мажит менен жаңы ырларды жаздырууда. Аны менен катар жеке сулуулук салону да өз ишин алып барууда.
6. Малика Дина
Динара Акулованын кичүу кызы Малика Дина кичинекей кезинен тарта сахнага чыга баштаган. Бирок ал убакыт өтүп Дубайга иштегенге кетип калган. Ал ортодо турмушка чыгып Айгүн аттуу кыздуу болгон. Бирок жолдошу менен ортодогу мамилеси келишпегендиктен эки ажырым жолго түшкөн. Ырчы чыгармачылыкка кайтып бир канча жаңы ырларды жаздырып жаңы клиптерди тарттырган. Бирок Малика өткөн жылы казак актёру Эрке Булан менен мамилеси бар деген сөздөр айтылып кийинчерээк алар өздөрү тастыкташкан. Бир аз убакыт өткөндөн кийин кыз-жигиттин мамилеси токтоп калган. Ага кошумча ырчынын жеке дүкөнү да бар.
7. Алиша Диа
Алиша Диа элге ырчыдан да көбүрөөк актрисалык менен таанылган. Диа турмушка чыккандан кийин кыска убакыттын ичинде кайра ажырашып кеткендиги калкты таң калтырган. Ал бул тууралуу толук маалымат берүүдөн баш тарткан. Алиша турмушунан ажырашкандан кийин бир канча жаңы кинолорго тартылды. Анын “Шаардык келин Шарапат” тасмасында жараткан Шарапаттын ролу анын чыгармачылыгындагы эң белгилүү ийгиликтеринин бири.
Ссылка: https://barometr.kg/tizme-j-bld-zholu-bolboj-kalsa-da-chygarmachylygyn-nktrgn-yrchy-ajymdar
Добавить комментарий ×