Тизме. Бүгүн 6-мартта айрым Бишкектин көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт
Бүгүн 6-мартта айрым Бишкектин көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк Электро" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык төмөнкү көчөлөрдө жарык болбойт:
Саат 8:00дөн 18:00гө чейин Лермонтов, БЧК, Жибек Жолу, Весёлый көчөлөрүндө, Бакай-Ата конушу;
Саат 9:00дөн 12:00гө чейин Курманжан Датка, Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгүндө;
Саат 9:00дөн 17:00гө чейин Кара-Жыгач, Алтын-Ордо конуштарында, Күрөңкеев, Үсөнбаев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;
Саат 9:30дан 17:00гө чейин Орто-Сай айылында, Тоголок Молдо, Исанов, Жамбул, Манас көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;
Саат 9:30дан 18:00гө чейин Дордой, Ак-Босого конуштарында, Дэн Сяопин, Садыгалиев, Абдраев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/tizme-bgn-6-martta-ajrym-bishkektin-kchlrnd-elektr-zharygy-chrlt
Добавить комментарий ×