Тизме. Айрым министрлерге сөгүш жарыяланды. Арасында Экономика жана Билим берүү министри бар
Министрликтердин жана ведомстволордун, ошондой эле мамлекеттик администрациялардын айрым жетекчилерине сөгүш жарыяланды. Тиешелүү буйрукка КыргызРеспубликасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматты камсыздоо бөлүмү билдирди.
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялыкМыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 25 жана 26-пункттарына ылайык, жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн:
- Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратовго
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага
- Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинин директору Адилбеку уулу Шумкарбекке
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевге
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимовго;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбековага
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү КыянбекСатыбалдиевге
- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары Рахат Исаковага
- Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары Ниязбек Козуевге
- Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары Музафаржон Мамасаидовго сөгүш жарыяланды.
Добавить комментарий ×