Тирүү калгандар болгон жок. Бразилияда учак кырсыгынан төрт футболчу каза болду (видео)

25 января 2021 09:31 1537 Barometr
Поделиться в:
ok


Бразилиянын Токантис штатында учак кырсыкка кабылды. Учактын ичинде “Пальмас” футболдук клубунун төрт оюнчусу, команданын президенти жана учкуч болгон. Алардын бири дагы тирүү калган жок. Бул тууралуу ТАСС агенттигине шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Учак абага көтөрүлгөндөн көп өтпөй кулап түшкөн. Учакта төрт оюнчу жана "D" сериясында ойногон "Пальмас" футболдук клубунун президенти болгон.  Алар жергиликтүү “Вила-Нова” командасы менен ойноого Гоянияга бара жатышкан.

“Вила-Нованын” администрациясы чемпионатты уюштуруучуларга 25-январга белгиленген беттешти кийинкиге калтыруу өтүнүчү менен кайрылганы жатат.

Маалым болгондой, кырсык кече, 24-январь күнү эртең менен Лузимангесе аэродромунда болгон. Анда абага көтөрүлгөн жеке учак бир нече мүнөттөн кийин учуп-конуу тилкесинин бүтө беришине кулап түшкөн. Бортто Лукас Пракседеш, Гильерме Ноэ, Рануле, Маркус Молинари аттуу футболчулар, "Пальмас" клубунун президенти Лукас Мейра жана учкуч болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/tir-kalgandar-bolgon-zhok-braziliyada-uchak-kyrsygynan-trt-futbolchu-kaza-boldu-video



Добавить комментарий